Жаңылыктар
ИИМ: курулуш иштерин жасоо шылтоосу менен 4 400 доллар каражатты алдап кетүүгө шектүү жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: курулуш иштерин жасоо шылтоосу менен 4 400 доллар каражатты алдап кетүүгө шектүү жаран кармалды

Алдамчылык иш аракети менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын февралында жаран пластикалык терезелерди жана эшиктерди орнотууга байланышкан курулуш иштерин сапаттуу жасап берем деген шылтоо менен ири суммадагы каражатын алдап алып кеткен. Ал 4 400 долларын жана "Даймлер Крайслер S320" үлгүсүндөгү унааны алдын ала төлөм катары алып, изин жашырган. Алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жаран милицияга кайрылган. 

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында мурда төрт жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаран кармалды. Ал тергөө органдарына жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.