Жаңылыктар
Борбор калаада окумуштуу Александр Кацевдин 75 жылдык мааракеси белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада окумуштуу Александр Кацевдин 75 жылдык мааракеси белгиленди

Борбор калаада окумуштуу, филология илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин Эл аралык журналистика кафедрасынын башчысы Александр Кацевдин 75 жылдык юбилейи жана КРСУнун Эл аралык журналистика бөлүмүнүн 25 жылдыгына арналган саамалык өттү. 

Кафедра университеттин Эл аралык мамилелер факультетинде 1995-жылы түзүлгөн. Ачылгандан бери "Журналистика" жана "Эл аралык журналистика" боюнча миңдеген адистер тарбияланышты. 2000-жылдан тарта кафедранын башчысы профессор Кацев. Ал бүгүнкү күнгө чейин жетектейт. Окумуштуу 800дөн ашык эмгектин автору. Улуттук китепканада иш-чаранын алкагында маалымат жыйын уюштурулуп, Александр Кацевдин эмгектери, жалпы журналистика боюнча талкуу болду.

“Бүгүн бизде жакшы күн. Биздин алмаштыргыс жетекчибиздин туулган күнү жана университеттин журналистика факультетине 25 жыл. Эки жакшы иш-чараны бириктирип, саамалык өткөрүүну туура көрдүк. Иш-чарада кафедра жетекчиси Алаксендр Самуиловичтин жасаган иштери айтылат. Келген студенттерге журналистикага байланыштуу дарс өтүлөт”,- деди Б.Ельцин атындагы КРСУнун эл аралык журналистика кафедрасынын окутуучусу, доцент Наталья Слабоденюк.