Жаңылыктар
Кореядан жардам. Ысык-Көл облусуна эки тез жардам унаасы, өрт өчүрүү шаймандар берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кореядан жардам. Ысык-Көл облусуна эки тез жардам унаасы, өрт өчүрүү шаймандар берилди

Кореялык "Хансонг" корпорациясы Ысык-Көл облусуна эки тез жардам унаасын жана өрт өчүрүү үчүн тиешелүү шаймандарды берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореядан келген корпорациянын жетекчиси Ким Сонг Чан баштаган делегация менен облус жетекчилиги эки тараптын кызматташуусу боюнча меморандумга кол коюшту. Жолугушууда облус жетекчиси Элчибек Жантаев Кореядан келген конокторго кызматташууга кызыкдар экендигин жана көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Кол коюлган меморандумга ылайык, алдыда ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына 4 өрт өчүрүүчү атайын унаа, тиешелүү жабдыктар жана район ооруканалары үчүн 4 тез жардам унаасы бериле турган болду. Андан сырткары, мектеп окуучуларын ташыган автобус жана милиция кызматкерлери үчүн атайын унааларды алып келүү боюнча иштер аткарылары айтылды.