Премьер-министр Улукбек Марипов БУУ конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд менен видеоконференция аркылуу байланышты.
Пикирлешүүнүн жүрүшүндө бажы тутумун санариптештирүү маселеси талкууланып, бажы тариздөөсүнө кетчү убакытты, коррупциялык көрүнүштөрдү олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берүүчү жана өлкө бюджетин толуктоого шарт түзүүчү бажы маалыматтарын иштеп чыгуунун автоматташтырылган тутумунун бет ачары тартууланды. Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде бажы процедураларын санариптештирүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.
БУУ конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча баш катчысынын милдетин аткаруучу өз кезегинде кызыгууну пайда кылган бир катар багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
“Өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн БУУнун Соода жана өнүктүрүү конференциясынын координациялык борбор катары ролун баса белгилеп кетким келет. Кыргыз Өкмөтү сиздердин уюм менен ар кыл багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишеним билдирет. Бажы маалыматтарын иштеп чыгуунун автоматташтырылган тутумун республикабызда ишке киргизүү, биринчи кезекте бажы процедураларын башкарууну жакшыртып, бюджеттин киреше бөлүгүнө жагымдуу таасирин тийгизет деп ишенебиз”,- деди премьер-министр Улукбек Марипов.