Бишкек шаарынын мэриясы Алтын-Ордо конушуна жаңы мектеп куруу үчүн сынак жарыялады. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жаңы жалпы билим берүү мекемеси 480 орунга эсептелген.
Долбоордун документ иштери толук бүткөн. Тендер борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын коомдук-мамлекеттик линиясы боюнча өтөт. Жаңы жалпы билим берүү уюмунун курулушунун баштапкы сметалык баасы 122 млн 565 миң 569 сомду түздү.
Шаардык бюджеттен каржыланат. Тендер жана техникалык тапшырма боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.