Жаңылыктар
Өлкө аймагында 24-марттан 28-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында 24-марттан 28-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызгидромет 24-марттан 28-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Аймактарда 24-мартта жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Ал эми 26-мартта кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. 27-мартта да ушундай эле аба ырайы болот. 28-мартта болсо кээ бир райондордо гана жаан жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Бишкекте эртең жаан жаайт. Ал эми 25нен 28-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт.