Жаңылыктар
Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Бейит жана Кашка-Суу айылдарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Бейит жана Кашка-Суу айылдарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кызыл-Бейит жана Кашка-Суу айылдарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңеет. Бул туурасында облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин долбоорунун жетекчиси Чу Санг Хун менен болгон жолугушууда айтылды. 

Өткөн жылы долбоордун уюштуруучулары тарабынан облус аймагындагы туристтик мүмкүнчүлүгү бар жайлар аныкталган. Анын жыйынтыгында Аксы районундагы Нарын дарыясы аркылуу суу үстүнөн өтүүчү аталган эки айыл тандалып алынган. Жолугушууда тараптар ортосундагы кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

Өкүл облустун туризм тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, керектүү жардамдарды көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Жакында айылдарга баруучу жол белгилерин орнотуу, турак жайларда туристтик шарттарды жакшыртуу аракети көрүлөт. Ал долбоор тарабынан каржыланып, жергиликтүү жашоочулардын киреше бөлүгүн арттыруу максатын көздөйт.