Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы жол кырсыгынан унаанын айдоочусу каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы жол кырсыгынан унаанын айдоочусу каза болду

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 23-март күнү саат 07:35 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 66-чакырымындагы Сары-Ой айылында “Mercedes-Sprinter” үлгүсүндөгү жолдун жээгинде токтоп турган унааны “Mercedes-Sprinter” үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен сүзүп алган унаанын айдоочусу каза болгон. ӨКМдин куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.