Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: эриш-аркак жылынын алкагында медиа тармагындагы кызматташууга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Россия: эриш-аркак жылынын алкагында медиа тармагындагы кызматташууга кол коюлду

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында эки өлкөнүн медиа тармагы да өз ара кызматташуусун улантат. 

Бул багытта бүгүн "Российская газета" басылмасы менен “Кабар” маалымат агенттиги жана Чүй облустук медиа борборунун ортосунда атайын макулдашууга кол коюлду. Анын алкагында мамлекеттер аралык маалымат алмашуу, медиа тармагындагы тыгыз кызматташуу менен катар масштабдуу иш-чараларды өткөрүү пландалган. 

Эриш-аркак алаканын алкагында эми эки мамлекеттин мыйзам чыгаруу тармагындагы бардык маалыматтары жарандарга жеткиликтүү болушу үчүн убагында жалпы маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланып турат. Мындан сырткары тажрыйба алмашуу багытында бири-бирине барып кызматташуу жолдору да каралган.

"Российская газета учурда Орусиянын аймагындагы 64 субьекттин 574 аймактык жалпыга малымдоо каражаттары менен кызматташат. Ал жумасына алты жолу 115 миң нуска менен басылып чыгат. Гезиттин сайтына күн сайын 1 млн адам кирип окуп, маалымат алып турат. Андан сырткары айына бир жолу олуттуу окуяларды басылмасын камтып 3 млн тираж менен чыгарылат. Азыркы тапта Кыргызстан гезит менен кызматташып жаткан алгачкы чет өлкө болуп эсептелет",- деди “Российская газета” басылмасынын башкы директорунун орун басары Андрей Першин.