Ош облусундагы райондордун башчылары менен орун басарлары сынактан өтүүдө. Талапка ылайык, мамлекеттик кызматкерлер негизги 3 критерий менен бааланат. Баардык иш процесси санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп, онлайн көрсөтүлүүдө.
Катышкан 13 кызматкердин катарында Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай жана Араван райондорунун акимдери жана орун басарлар бар. Кара-Суу менен Ноокат райондорунун жетекчилигине сынак жарыяланган. Атайын түзүлгөн комиссиялык курам аттестациянын жыйынтыгын чыгарат. Иш-чара 29-январда Президент Садыр Жапаров кол койгон “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыктын негизинде жүргүзүлүүдө.
"Чечим 3 түрдүү болот: 1-ээлеген кызматына шайкеш келет же, жакшы жооп берсе ал жогорулатууга сунуш кылынат, 2- ээлеген кызматына шайкеш келет, 3- шайкеш келбейт деген. Эгерде 3-чечимге туш келип калса, ал кызматынан четтелитет. Абдан кызуу жүрүп атат. Республикадагы жалпы 120 мамлекеттик орунга 826 жаран арыз берген",- деди Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиева.