Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жаңы конституциясынын долбоору боюнча корутундусун жарыялады. Анда сунушталган Баш мыйзамда каралган президенттин, өкмөт башчынын жана парламенттин ыйгарым укуктарына талдоо берилип, сунуштар айтылган. Маселен, конституциялык соттун кайра түзүлүүсүн аталган комиссия жакшы баалаган. Ошондой эле эске ала турган башка сунуштар да бар.
Баш мыйзамдын долбооруна саресеп салып, анализ жасаган Венеция комиссиясы өлкөнүн негизги мыйзамында президентке ыйгарым укуктар арбын берилип калганын айткан. Президент министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктай турганын белгилеп, аткаруу бийлиги менен парламент алсырай түшкөнүн айткан. Бирок, адистердин пикиринде азыркы долбоордо бардыгы президенттин колуна топтолуп калды дегенге болбойт.