Аракеттеги Баш мыйзамдан Конституциянын жаңы долбоорундагы негизги артыкчылыктын бири аткаруу бийлигинин башына Президенттин келе турганы.
Бул ченем Баш мыйзамдын жаңы редакциясында так жана даана белгиленди. Демек аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу баардык жоопкерчилик мамлекет башчысында болот. Ошол эле учурда аткаруу бийлигинин орду да орчундуу.
Колдонуудагы Баш мыйзамга ылайык өкмөт парламенттин алдында жоопкерчиликтүү. Жогорку Кеңеш Өкмөттү курайт, отставкага кетирет. Ал эми Конституциянын жаңы редакциясында өкмөт же аткаруу бийлиги толугу менен президентке баш ийет. Президент өкмөттүн түзүмү менен курамын өзү аныктайт, өзү дайындайт жана кызматтан кетирет.