Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүгө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздаган жаңы алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анда жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органдары, шайлоо тилкелеринде иштеген комиссия мүчөлөрү, макул жана каршы топтордун өкүлдөрү, шайлоого талапкерлер жана жалпы шайлоочуларга атайын нормалар киргизилген. Шайлоо маалында бардык санитардык нормаларды сактоо тыкыр көзөмөлгө алынат.
Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо жана референдум өткөрүү өнөктүгү 11-апрель күнү өтөт.