Нарындан Өзбекстандын Фергана облусуна барган кыргыз делегациясы айыл чарба, өндүрүш жана кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүктөрү менен таанышып кайтты.
Иш сапардын жыйынтыгында район жана шаар деңгээлинде кызматташуу тууралуу келишимдерге жетишилди. Ферганалыктар айыл чарба, мунун ичинде эт, картошка өндүрүү, текстиль ишканаларын Нарында ачып, Кыргызстан аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгууга кызыкдар экенин билдиришкен.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жакын арада келишимдин негизинде өндүрүш жайлары ачылып, жергиликтүү тургундар жумуш орундары менен камсыздалат.
Эскерте кетсек, Фергана облусунда 15 район, 4 шаар бар. Калкынын саны 3 миллион 800 миңди түзөт.