Тажикстан менен чек арага байланыштуу нормативдик-укуктук актыларды аткаруу белгиленди.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикистандын Согди облусунун төрагасы Раджоббой Ахмадзода аталган өлкөнүн Гулистон шаарында жолугушкан учурда аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөөгө өзгөчө маани берилди.
Лейлек районундагы “Кулунду”, “Кайрагач”, Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө жайларын ачуу тууралуу өлкө жетекчилигине сунуш берүүгө макулдашып, аткезчилик дыкат көзөмөлгө алынаары айтылды. Жыйынтыгында кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюлду.