Жаңылыктар
Минералдык жер семирткичтер экспорттолбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Минералдык жер семирткичтер экспорттолбойт

Кыргыз өкмөтү минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салды. Минералдык жер семирткичтердин стратегиялык запасын түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоо жана аларга карата бааны кармап туруу иретинде минералдык жер семирткичтерди Кыргызстандан тышкары ташып чыгууну убактылуу токтотуу тууралуу чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. 

Бул чектөө эл аралык транзитти жана өкмөт тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык көмөктү эсепке албаганда, алты айлык мөөнөткө киргизилген. Белгилей кетсек, жер семирткичтердин көп бөлүгү Өзбекстандан ташылып келинет. Ар жылкы квота 100 миң тоннаны түзөт. Мындан тышкары, келип түшкөн жер семирткичтердин 30-35 пайызы Россия менен Казакстанга тийиштүү.