Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргызстандын бардык аймактарында «Өзүңө сак бол, акчага бек бол!» деген ураан менен өтүп жаткан жумалык 28-мартка чейин уланмакчы.
Бир апта аралыгында Улуттук банк, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар бардык санитардык талаптарды сактоо менен финансылык сабаттуулук боюнча жалпы билим берүү иш-чараларын өткөрөт. Мектептерде болсо финансылык сабаттуулук сабактарын, университеттерде көчмө лекциялар менен тренингдерди, коммерциялык банктарда экскурсиялар менен ачык эшик күндөрүн, улуттук видеороликтер жана балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча сынактарды, өзгөчө капчык сынагы өткөрүлмөкчү. Дүйнөлүк акча жумалыгы - бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүп келүүчү ири иш-чара.