Жаңылыктар
Мас болуп таанышын бычактап өлтүргөн аял кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мас болуп таанышын бычактап өлтүргөн аял кармалды

Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130- (Адам өлтүрүү) беренеси боюнча КЖБР катталган.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Москва районунун ИИБнүн Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган  аял киши кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган адам, өлтүрүлгөн адам экөөнүн ортосундагы мас абалда чыр-чатактан келип чыкканы маалым болгон. Учурда шектүү Москва районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.