Бишкекте Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа тасмаларынын фестивалы старт алды. Иш-чара 22-28-март аралыгында онлайн тартибинде өтөт.
Бул убакыттын ичинде www.euin.kg платформасында кыргызстандыктар ЕБ өлкөлөрүнүн 11 тасмасын жана айлана-чөйрөнү коргоо темасындагы 8 кыска метраждуу тасмаларды акысыз жана каттоосуз көрө алышат.
Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу Европа тасмаларынын фестивалы онлайн өткөрүлүүдө. Эми бардык кино сүйүүчүлөр бир жума бою бардык фильмдерди акысыз көрө алышат. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин эне тилдериндеги кино тасмалар орусча же англисче субтитрлер менен коштолуп көрсөтүлөт.
Фестивалда Венециядагы "Ыйык Георгий" кинофестивалынын лауреаты, "Sawah" Флоренция кинофестивалынын жана Амстердам менен Мадрид эл аралык даректүү тасмалар фестивалдарынын жеңүүчүсү "Бейиштеги бейтааныш" аттуу тасмалардан баштап, кадыр-барктуу эл аралык кинофестивалдардын катышуучуларынын жана жеңүүчүлөрүнүн тасмаларына күбө болот.
Фильмдерден тышкары, кино тармагына кызыккандар үчүн Европалык киноишкерлер менен эксклюзивдүү жолугушуулар уюштурулууда. Бүгүн Бельгиялык адис Доменико Ла Порта сценарий жазуунун техникасы боюнча үч күндүк окутуу баштады.
Ошондой эле, италиялык эксперт Андреа Рокко кино комиссиялардын иши жана киноискусствону каржылоо жөнүндө айтып берет. Ал эми Италиялык спикер Карло Д'Урси нөлдөн баштап кино тартуу боюнча онлайн семинар өткөрөт. Европа тасмаларынын фестивалы 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.