Жаңылыктар
Россияда билим алган кыргызстандык студенттер окуусуна кайтат
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда билим алган кыргызстандык студенттер окуусуна кайтат

Роспотребнадзор эпидемиологиялык абалы коопсуз деп эсептеген 25 мамлекеттин тизмесинде Кыргызстан да бар. Бул тизмедеги мамлекеттердин студенттери эми тиешелүү санитардык нормаларды аткаруу менен салтуу окууга кайта алышат.

Бакай Калыгулов Москва мамлекеттик университетинин төртүнчү курсунун студенти. Дүйнөлүк саясат факультетинде билим алган студенттин онлайн окуп жатканына бир жылдын жүзү болду. Учурда экзамен тапшырып, дипломун коргоо үчүн Москвага кетүүгө даярданып жатат. Айтымында, аралыктан окутуу билимдин сапатынына таасирин тийгизбей койгон жок. 

Россиянын өкмөтү жалпысынан 25 мамлекеттин студенттерине кайтып келүүгө уруксат берди. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ага ылайык, Роспотребнадзор эпидемиологиялык абалы коопсуз деп эсептеген мамлекеттерде жашаган студенттер, аспиранттар, ординаторлор жана даярдоочу факультеттердин билим алуучулары салттуу окуусун уланта алышат. Атайын чет элдик студенттердин кайтуусуна алгоритм да каралган.

Былтыр Россиядагы окуу жайларда 16 миңден ашуун кыргызстандык студент билим алган. Анын 8 миңге жакыны бюджеттик негизде окугандар.