Мобилдүү топтордун жардамы менен 2 миң 329 киши биометрикалык катоодон өтүп, 183 киши паспортун алмаштырууга, 585 киши жашаган жери тууралуу маалыматты өзгөрттү.
3-марттан 20- мартка чейин инфобустар 130 конушту кыдырып, биометрикалык маалымат, документ тапшыруу жана электрондук кол тамга чогултту.
Биометрикалык катоо - шайлоочулардын тизмесине кирүүгө жол ачат. Акция 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого катышууга шарт түзүү максатында өттү.