Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Жаңыбазар - Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.