Жаңылыктар
Кулунду айылында оорукана курула баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кулунду айылында оорукана курула баштады

22-мартта Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын жалпы дарыгерлик-практикалык борборунун имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Өкмөттүн аталган облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев оорукананын пайдубалына капсула салды. Оорукананын жалпы аянты 510 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу имаратта, хирургия, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү болот. Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар орнотулат. Курулуш иштери 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берилет. Имараттын сметалык баасы 28 млн сомду түзөт.