Жаңылыктар
Конституциянын жаңы долбоорунда парламент төрагасынын укуктары жана милдеттери тууралуу берене камтылган
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциянын жаңы долбоорунда парламент төрагасынын укуктары жана милдеттери тууралуу берене камтылган

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу бийлигине камтылган бөлүмдө парламенттин Төрагасынын укуктары ага жүктөлгөн милдеттер тууралуу да берене камтылган. Ага ылайык Төрага жыйындарга гана төрагалык кылбастан парламент менен бийлик бутактарынын ортосундагы байланышты да жүргүзөт.

Жогорку Кеңештин Төрагасы анын укуктары сунушталып жаткан Баш мыйзамдын мыйзам чыгаруу бийлиги деп аталган бөлүмүнө камтылды. Парламент депутаттары Төрага менен анын орун басарларын шайлоо жолу менен тандайт. Төрага жашыруун добуш берүү менен шайланат. Жогорку Кеңештин спикери парламенттин ишин уюштуруу боюнча регламентте каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.