Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы сезилээрлик өскөн бойдон кармалып турат. Ал ортодо Бишкек шаарындагы ири базарларда өлкөдө өндүрүлгөн азыктын түрү ар кандай баада сатылууда. Экономика министрлиги базарларга талдоо жүргүзүп, бир топ айырма бар экенин аныктаган.
Айпери 3 жылдан бери Сары-Өзөн базарында азык-түлүк жана жер-жемиш түрүн дүңүнөн алып, алармандарга чекене сатып пайда көрөт. Сатуучунун негизги кардарлары шаар ичиндеги дүкөн иштеткен адамдар. Ал соңку жарым айдан бери эл көп керектөөчү картошка, сабиз, пияз өңдүү азыктарга болгон баа өсүп жатканын билдирди.