Бүгүндөн тартып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт иши башталды. Ал арада, “көчмө мобилдүү калкты тейлөө борбору” өз ишин жыйынтыктады. Ал эми, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында, Ош шаардык милиция башкармалыгында атайын ишеним телефону ачылды.
Ошентип, Ош аймагына таандык 3 шаар, 81 аймактык кеңеште шайлоо өтөөрү белгиленди. Ош шаардык кеңешине 9, Өзгөнгө 7 жана Ноокат шаардык кеңешине 5 партия катталды. Айылдык кеңештерде партиядан сырткары бир мандаттуу система да каралган. Айылдык кеңештерге шайлоонун үгүт иштери 22-мартта башталды.