Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин тизмегин каттоо аяктады. Азыркы тапта Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга «макул» же «каршы» үгүт топторун каттоону улантууда. Учурда 4 сунуш түштү.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына катталган 14 үгүт тобунун ону «макул» үчөө «каршы» топтор. Эми алар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, кагаз түрүндөгү маалыматтар менен жана аймактарда элге түшүндүрүү аркылуу өздөрүнүн үгүт иштерин жүргүзө алышат. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпы 19 миңден ашык талапкер катталган.