Жаңылыктар
Ысык-Көл: чакан суу сактагычтардын даярдыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: чакан суу сактагычтардын даярдыгы

Ысык-Көл районундагы жыйырма бир кичи суу сактагычтын төртөө жазгы сугат иштерине суу берүүгө даяр. Ысык-Көл районунун көпчүлүк аймактары кургакчыл келгендиктен, жазында айдоо аянттарын бир сыйра сугаруу керек. Райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришкендей кичи суу сактагычтарды тазалоо иштерине аба ырайынын суук болушу тоскоолдук жаратууда. 

Бостери айыл өкмөтү быйыл кичи суу сактагычта кеңейтүү иштерин жүргүзүп, кошумча 20 миң куб метр суу топтоого мүмкүнчүлүк алды. Муну менен кошумча 300 гектар мурда суу жетпеген аянтка сугат суу жетет.