Экономика жана финансы министрлиги кабарлагандай, 17-мартка карата тышкы карызды төлөө боюнча ачылган атайын эсепке 13 млн 332 миң сом чогулду. Эсеп 2020-жылы ачылган. 2 млн сом өлчөмүндөгү акыркы транш 3-мартта жүргүзүлгөн.
Пандемиядан улам өлкөнүн мамлекеттик карызы айрым экономисттерди кооптондурган чектен ашып, 2020-жылдын жыйынтыгы менен аталган көрсөткүч 68 пайызды түздү. Кыргызстандын мамлекеттик карызынын басымдуу бөлүгү, тагырагы 85% тышкы карыз. Январь айынын аягында тышкы карыздын көлөмү 4 млрд доллардан ашты.