Быйыл Жалал-Абад – Маданият жолунун 20 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жол курулушун жүргүзүп жаткан “Азвирт” компаниясынын жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
3 тараптуу жолугушууда өкмөт өкүлү жол куруу иштерин тездетүү, белгиленген мөөнөтүндө аягына чыгаруу керек экенин эскертти.
Ошол эле учурда жолдун курулушу тууралуу элге байма-бай маалымат берип туруу маселеси айтылды. Асфальтталып жаткан Жалал-Абад - Маданият жолунунун узундугу 67 чакырымды түзөт.
Былтыр 16 чакырым аралыгына асфальт төшөлгөн. Жолдун курулушун 2022-жылдын июнь айында бүткөрүү пландалган.