Жаңылыктар
Кыргызстанда биринчи жолу Европа тасмаларынын фестивалы онлайн өткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда биринчи жолу Европа тасмаларынын фестивалы онлайн өткөрүлөт

 Бүгүн, 22-мартта Европа Бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа тасмаларынын фестивалы старт алат. Иш-чара 22-28-март аралыгында онлайн тартибинде өтөт. Бул тууралуу "Биринчи радио" билдирди.

Бул убакыттын ичинде www.euin.kg платформасында кыргызстандыктар ЕБ өлкөлөрүнүн 11 тасмасын жана айлана-чөйрөнү коргоо темасындагы 8 кыска метраждуу тасмаларды акысыз жана каттоосуз көрө алышат. Бардык фильмдер Евро Биримдикке мүчө мамлекеттердин эне тилдеринде орусча же англисче субтитрлер менен коштолуп көрсөтүлөт.

Фестивалдын көпчүлүк тасмалары кадыр-барктуу эл аралык кинофестивалдардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү: Венециядагы "Ыйык Георгий" кинофестивалынын лауреаты, "Sawah" Флоренция кинофестивалынын лауреаты, Амстердам жана Мадрид эл аралык даректүү тасмалар фестивалынын жеңүүчүсү "Бейиштеги бейтааныш" жана башкалар.

«Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынын айынан 2020-жылы салтка айланган Европа тасмаларынын фестивалы өткөрүлбөй калды. Быйыл аны кайрадан жандандыруу ниетибиз бар, бирок коронавирус коркунучу сакталып тургандыктан кинотеатрда аны уюштуруу көйгөй жаратууда. Ошондуктан, биз бул фестивалды виртуалдык форматта өткөрүүнү туура таптык, - деп алдыдагы ишчараны жарыялап жатып Европа Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр билдирди.

22-24-мартта Бишкекте сценарий жазуунун техникасы боюнча бельгиялык адис Доменико Ла Портанын үч күндүк чеберлер-классы өтөт, 25-мартта италиялык эксперт Андреа Рокко кино комиссиялардын иши жана кино искусствону каржылоо жөнүндө айтып берет, 26-мартта Италиялык спикер Карло Д'Урси нөлдөн баштап кино тартуу боюнча онлайн семинар өткөрөт.

Кинофестивалдын бардык иш-чаралары жөнүндө кулактандыруулар Европа Бирлигинин Кыргызстандагы баракчасынын Facebook платформасында жарыяланат.