Жаңылыктар
Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Жогору адеп-ахлактык идеалдарды чагылдырган бул жаздын куттуу майрамы руханий жаңыланууга, жаратмандыкка жана гармонияга үндөйт.

Ал биздин жүрөгүбүздү жылуулукка, кубанычка, бакытка жана жаркын келечекке болгон үмүткө бөлөйт. Нооруз жалпы баалуулугубуз катары Казакстан менен Кыргызстан элдеринин достугун, боордоштугун жана ынак коңшулугун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт, эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүнүн тереңдешине шарт түзөт», - деп белгиленет Казакстан Президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн баштаган бардык иштеринде албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.