Жаңылыктар
Айбек Кулубаевдин ысмы чөлкөмдөгү балдар борбору менен жаңы курулган бакчага берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Айбек Кулубаевдин ысмы чөлкөмдөгү балдар борбору менен жаңы курулган бакчага берилди

Аламүдүн районунун акиминин орун басары, маркум Айбек Кулубаевдин ысмы чөлкөмдөгү балдар борбору менен жаңы курулган бакчага берилди. Кулубаев, 2020-жылы 46 жашында кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алып, каза болгон. Мамлекеттик кызматкердин ысмын ыйгаруу демилгесин жергиликтүү тургундар да колдогон. Айбек Кулубаев акимдин орун басары кызматында он жыл иштеп, бул аралыкта калктын турмуш шартын жакшыртууга чоң салым кошкон.