Нооруз күнүн утурлай борбордогу Азия инновациялык колледжинин студенттеринин сүрөт көргөзмөсү өттү. Ага таланттуу балдардын тарткан сүрөттөрүнөн тышкары аталган окуу жайдын сүрөт мугалиминин да эмгектери коюлду.
Кол өнөрчүлүккө кызыккан кыздардын кийизден жасалган кийим-кечесинен баштап ар түркүн буюмдардын көргөзмөсү болду. Аны менен катар улан-кыздардын Сармерден оюну уюштурулду. Иш-чара жаштарды маданий баалуулуктарды балоого жана кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт. Учурда Азия инновациялык окуу жайында 300дөн ашуун студент билим алат.