Кыргызстандын Россиядагы элчилиги эмгек мигранттарын аталган өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырып алууга чакырды.
15-мартта пандемияга байланыштуу берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктады. Кооптуу оорунун жайылышын алдын алуу үчүн киргизилген чектөөлөрдөн улам, былтыр Россия президентинин мигранттарга жеңилдик берүү боюнча жарлыгы чыккан. Эпидемиологиялык абал турукташпагандыктан, анын мөөнөтү улам жылдырылып, туура бир жылдан кийин гана аяктады.