Нооруз майрамын утурлай Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги Бишкектеги Балдар онкологиялык жана гемотология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдарга белек жана керектүү буюмдарды тапшырды.
Балдар онкология бөлүмүндө 40 бейтап бар. Бөлүмдүн жетекчиси Султан Станбековдун айтымында, жылына 200гө жакын бала дарыланат. Алардын 60-70 пайызынын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Балдар химиялык жол менен, операция же нур терапиясы менен дарыланышат. Негизинен дары-дармектердин 70 пайызы мамлекет тарабынан берилет. Дарыгерлер жетиштүү, учурда 10 дарыгер, 20 медайым иштеп жатат.