Чүй облусуна караштуу Биримдик конушунда курулуп жаткан мечит жана эки кабаттуу фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи болду.
Ага коомдук ишмерлердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Жашоочулардын айтымында, бул жергиликтүүлөр үчүн нооруз майрамына карата чоң белек болду. 2017-жылы Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте коомдук ишмер Карганбек Самаковдун колдоосу менен курулуштун долбоору ишке кирген. Мечит 600 кишиге ылайыкталган, ал эми ФАП заманбап медициналык жабдуулар менен толук камсыздалды. Кошумчалай кетсек, Биримдик конушу 2013-жылы негизделген.