Кыргызстан менен Өзбекстандын эки облусунун ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өттү. Анда Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров жана Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү Сабыркул Ашимбаев келечектүү бизнес долбоорлорду ишке ашырууга эки тарап тең бирдей кызыкдар экенин белгилешти.
Форумда жергиликтүү ишкерлерге Нарын облусунун инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, пайдалуу кендер, мал чарбачылыгы, жол-транспорт тармагынын жетишкендиктери, ошондой эле, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди. Аймакта мал чарбачылыгы кеңири өнүккөн жана эт-сүт азыктары Кытай, Япония, БАЭге экспорттолот. Ошондой эле, Фергана облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инвестициялык мүмкүнчүлүгү, “Кокон” эркин экономикалык аймагы жана иштеп жана курулуп жаткан чакан өнөр жай зоналары тууралуу маалымат берилди. Бизнес-форумдун жыйынтыгында жетекчилер Нарын жана Маргилан шаарларынын, Нарын жана Кувинск, Кочкор жана Алтыарык, Жумгал жана Ташлак райондорунун, Ак-Талаа району менен Кувасай шаарынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Кошумчалай кетчек, Фергана жана Ат-Башы райондорунун ортосунда кызматташтык мурда эле башталган жана бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү уланып келе жатат.