Жаңылыктар
Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев мамлекетке 114 миллион сом төлөөгө макулдугу менен абактан чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев мамлекетке 114 миллион сом төлөөгө макулдугу менен абактан чыкты

Мыйзамсыз байыган деп кармалган Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев мамлекетке 114 миллион сом төлөөгө макулдугу менен абактан чыкты. 

Тергөөнүн жүрүшүндө ал ээлик кылган кыймылсыз мүлктөр, анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашып кеткени аныкталган. Мындан улам судья күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 70 миллион сом кайтарган. Калган 44 миллионун үч айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттендирилди.Буга байланыштуу Биринчи май райондук соту Осмоналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, сыртка чыкпоо тил каты менен абактан бошотту. 

УКМКнын маалыматына ылайык, Жогорку сотто жарандык жана экономикалык иштерди караган судья Камил Осмоналиев өткөн жылдын 15-декабрында УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми январь айында кызматтан алынган.