Жаңылыктар
Чүй облусунун Токмок шаарында 40 миң сом алып жаткан жеринен Чүй РИИБдин ага тергөөчүсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун Токмок шаарында 40 миң сом алып жаткан жеринен Чүй РИИБдин ага тергөөчүсү кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык иш аракеттерди жоюу чараларынын алкагында, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Чүй облусунун Токмок шаарында 40 миң сом алып жаткан жеринен Чүй РИИБдин ага тергөөчүсү кармалды. 

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн жергиликтүү тургундан 2 миң доллар талап кылгандыгы аныкталды. Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө чаралары улантылууда.