Жаңылыктар
«Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
«Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлык экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, улуттун саламаттыгын сактоо, тургундардын жана келечек муундардын кызыкчылыгында өлкөнүн жаратылыш байлыктарын коргоо, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтууну көздөйт.

Курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин минималдаштыруу маселелерин натыйжалуу чечүү Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттеринин, коомдук жана башка уюмдарынын, жарандарынын маанилүү милдети деп эсептелет. Буга байланыштуу атмосфералык абанын булгануусунун калктын ден соолугуна терс таасирин азайтуу, эл аралык ченемдерге жана талаптарга ылайык атмосфералык абаны булгоонун стационардык жана көчмө булактарын контролдоо боюнча ченемдик-усулдук базаны кайра карап чыгуу, электр энергиясы жана газ колдонулган транспорт каражаттарын көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү, 20 жылдан ашкан транспорт каражаттарын пайдалануудан баш тартууга дем берүү боюнча чараларды көрүү, шаарлардын өнүгүү келечектерин жана көп жылдык шамал багытын эске алуу менен калктуу конуштардагы аба мейкиндигинин циркуляциясын камсыз кылуу үчүн бийик имараттарды долбоорлоого, жайгаштырууга жана курууга ченемдерди жана талаптарды кайра кароо, жашылдандыруу ченемдерин көбөйтүү жана калктуу конуштарда жашыл өсүмдүктөрдүн аянтын туруктуу динамикалуу көбөйтүүнү, анын ичинде алардын айланасында жашыл тилкелерди түзүүнү жана кеңейтүүнү камсыз кылуу, калдыктарды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу боюнча чараларды көрүү өкмөткө сунушталды. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.