Дүйнөнүн эң чоң атомдук апааты болгон Чернобыль окуясына быйыл туура 35 жыл болот.
Тарыхтын бул өзөктүк окуясы миңдеген кишинин өмүрүн алып, миллиондогон адамга таасир этти. Кырсыктын курмандыгы болгон кыргызстандык 5 адамдын тагдырын чагылдырган драма борбор калаада коюлду. Кармаандардын образдарын Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актерлору жаратты. Оюнду Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова койду. Спектакль Чернобыль окуясынын 35 жылдыгына арналган Меңди Мамазаированын “Кечиктим” пьесасынын негизинде коюлган. Автор чыгармасы менен адам баласы жашоого болгон көз карашын өзгөртүп, кылган ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана бул апаатты, анда курман болгондорду унутпоого чакырат.