Жаңылыктар
Бишкек шаарынын “Ден соолук” паркынын аймагына 50 даана көчөт отургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын “Ден соолук” паркынын аймагына 50 даана көчөт отургузулду

Эл аралык токой күнүнө карата Бишкек шаарынын “Ден соолук” паркынын аймагына 50 даана көчөт отургузулду. 

Жер жүзүндө токойлор азайып баратканына байланыштуу, 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 21-мартты эл аралык токой күнү деп жарыялаган. Бул күн айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чараларын өткөрүү максатында белгиленген. Анын алкагында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жамааты жана эл өкүлдөр сейил бакка 35 даана ак чечектин жана 15 даана чынар теректин көчөттөрүн отургузду. Министр мындай аракеттер Бишкек шаарынын абасын таза кармоого салым кошоорун айтып, калаа тургундарын көчөт тигүүгө чакырды.