Жаңылыктар
Дөөлөт Сыдыков "Сулайман-Тоодо" 3 күн манас айтат
Кыргызстан жаңылыктары
Дөөлөт Сыдыков "Сулайман-Тоодо" 3 күн манас айтат

Айтылуу манасчы Дөөлөт Сыдыков көктөм майрамын утурлай, үч күн бою ордолуу Оштогу ыйык жер "Сулайман-Тоодо" манас айтат. 

Жаштарды мекенчилдикке, ынтымак менен биримдикке үндөгөн жөрөлгөгө калаа тургундары 19нан 21-мартка чейин күбө боло алышат. Манасчылык өнөрдү барктоо, даңазалоо башкы максат экенин демилгечи топ билдирди. Дөөлөт Сыдыковду башка да манасчылар коштоп жүрөт. Эске салсак, былтыр 12-ноябрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Дөөлөт Сыдыков Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн 14 саат 27 мүнөт тынбай, эс албай, тамактанбай, суу ичпей манас айтып рекорд койгон.