“Мал чарбачылыкты жана рынокту өнүктүрүү - 2” долбоору жыйынтыкталды. 6 жылга созулган ири программанын алкагында жасалган иштер Ошто өткөн конференцияда айтылды.
Аталган долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган. Максаты - жайыт пайдалануучулардын коомдук бирикмелерине ресурстарды сарамжалдуу жана туруктуу пайдаланып, аларды бөлүштүрө алган, жайыттардын жана мал чарбачылыктын инфраструктурасын өнүктүрө алган экономикалык мамилелердин өзүнчө субъекти болуп өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүү. Ага ылайык, жайыттардын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашырылган. Жайыт жолдорун оңдоо үчүн жалпы 406 даана атайын техника сатылып алынган. Долбоор иштеп баштагандан бери 189 жайыт пайдалануучулар бирикмеси санарип карталары жана GPS жабдыктары менен камсыздалган. Жыйынтыкталган долбоор АРИС ишмердигин жүргүзгөн 180 мамлекетке жайылтылат.