"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын ишмердүүлүгүндө коррупциялык фактылар аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
УКМК коррупциялык фактыларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу" беренеси боюнча Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына караштуу «Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы» мекемесинин ишиндеги одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Анын балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги белгилүү болду. Такталган маалымат боюнча, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.