Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында 21-март - Нооруз майрамына арналган оюн-зооктор өткөрүлбөйт. Мындай чектөөлөр коронавирустун үчүнчү толкунун болтурбоо максатында киргизилди. Шаардын баардык райондорунда, ири соода борборлорунда адамдарды чогултуп, майрамдык программа уюштурууга тыюу салынат.