Жаңылыктар
Кыргызстанга Кытайдан коронавируска каршы 150 миң доза вакцина алып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Кытайдан коронавируска каршы 150 миң доза вакцина алып келинди

Кытайдан гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга COVID-19 каршы вакцина келди. Жардамды кабыл алуу аземине өлкөнүн премьер-министри Улукбек Марипов жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты. Келген вакциналар менен алгачкы этапта дарыгерлер, мугалимдер, өнөкөт оорулары бар жарандар жана 65 жаштан жогору курактагылар эмделет.