Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып жаткан жеткинчектерден кабар алды. Спикер мектеп-интернатта балдарга өнөр үйрөткөн устакананын ачылышына күбө болду.
Мектеп директору билдиргендей, балдар үйү 1956-жылы курулуп, бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Окуу корпусунун чатырын алмаштырып, капиталдык ремонттон өткөрүү зарыл. Жылуулук системасы бар болгон менен жылуулугунан чыгымы ашып түшөт.