Бишкек шаарындагы чар-жайыт курулушту иретке келтирип, инвесторлорго жетиштүү шарт түзүү зарыл. Бул тууралуу Премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына барып, курулуш тармагындагы ишкерлер менен өткөн көчмө жыйында билдирди.
Өкмөт башчы коммерциялык багытта курулган үйлөр талапка жооп бербей турганын айтып, аларга уруксат берген мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин сынга алып, айрымдарына сөгүш берилди.